Бильярдчы Каныбек Сагынбаев жана башкалар Кремлдин кубогу үчүн күч сынашат

13-18-сентябрга чейин "Лужники" спорт сарайында (Москва) бильярд спорту боюнча Кремлдин кубогу өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу бильярд жана велоспорт боюнча спорттук мектептин окуучулары, тактап айтканда эркектер арасындагы "Комбинацияланган пирамида" оюнуна катышат.

Бул турнирдин катышуучулары Дүйнө чемпиондугуна барышты:

- Сагынбаев Каныбек;

- Сыдыков Канат;

- Мадаминов Азиз;

- Абдыкаров Мирлан;

- Ызатбек Ратбеков;

- Карагулов Улукман;

- Эседдинов Камалитдин;

- Калыбек уулу Арсен;

- Мурзабаев Адилет;

- Владимир Нам.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД