Баткен облусунда эки кишинин жансыз денеси суудан табылды

Баткен облусунда күндүз эки эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анда ӨКМге Жайылма каналынан 40-45 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда маркумдун өздүгү аныкталууда.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу жөнөп кеткен, алар сөөктү суудан чыгарышып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле, "102" кызматына саат 07:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү көпүрөнүн астынан 50-55 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучу кызматкерлер сөөктү суудан алып чыгып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД