Кыргызстанда 2021-жылдын январь-август айларында Социалдык фонд тарабынан 45 миң 791 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ошонун ичинде 2021-жылы август айында 4774 жаран пенсияга чыккан.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 928 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.