Кыргыз драм театрынын ремонт иштерине бюджеттен 44 млн. сом бөлүндү

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 млн. 722 сом каражаты бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED- экран алынган. Пандемиядан улам, республикалык бюджеттен каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган.

Учурда театрдын чатырын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Театр 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Ремонт иштери жыйынтыкталган соң, театрдын түптөлгөнүнүн 95 жылдыгына карата ачуу пландалып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД