ИИМ: Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууну уюштуруп жүргөн

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алууну уюштуруп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу, Курсан Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД