Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Президент Садыр Жапаров "КРнын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы "КРнын министрлер кабинети жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгына кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД