Пакистан жаранынын телефонун жана 800 долларын тоноп кеткендер кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, 4-сентябрда Бишкек ШИИББинин "102" кызматына "Ала-Тоо" аянтында чет элдик жаранды тоноп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Пакистандын жаранынан билдирүү алышкан. Анын айтымында, ошол күнү болжол менен саат 20:00 чамасында "Ала-Тоо" аянтында 20-25 жаштардагы жарандар анын "iPhone" уюлдук телефонун жана 800 долларын күч менен тартып алышкан.

Милиция кызматкерлери тоноого шектелгендерди кармашкан. Алар 19 жана 20 жаштагы балдар.

Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД