Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштеп баштайт

Бишкек шаарындагы бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди кечээ, 14-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия кабыл алган.

Буга Билим берүү жана илим министрлигинин 2021 -жылдын 26 -мартындагы №327/1 жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2021-жылдын 26-мартындагы №321 "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин кайра жандандыруу жөнүндө" биргелешкен буйругу негиз болгон.

Бишкек шаарынын райондорунун башчыларына жана Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана жалпы билим берүү уюмдарын тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Муниципалитет ата -энелерден бала ооруп калса бала бакчага алып келбөөнү суранат. Эгерде бала бакчаларда коронавирус инфекциясынын учурлары катталса, мекеме карантинге жабылат.

Бекитилген алгоритмдерге ылайык, ата-энелер бала бакчанын ичине кирүүгө тыюу салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД