Кеминдеги Жел-Аргы жайлоосунда 40 гектар куураган чөп өрттөндү

Кечээ, 14-сентябрда Кемин районундагы Жел-Аргы жайлоосунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жел-Аргы жайлоосунда куураган чөп жана чычырканактар күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.

Куткаруучулар өрттү саат 20:30да чектөөгө алып, саат 23:10до толугу менен өчүрүштү. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундардан 15 адам катышкан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД