Токтогулда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алып кетти

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан үч адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-сентябрда саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында "MAN" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасы менен "Жигули ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан, кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 3 жаран (эркек киши) окуя болгон жерде каза болушкан.

Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу тартылган, алар 3 адамды унаадан чыгарууга жардам беришип, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Каза болгондор Токтогул аймактык ооруканасынын моргуна жеткирилген. Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД