Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-классга 7369 окуучу кабыл алынды

Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-классга 7369 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Алмаз Мамбетов № 52 "Кыргыз-Түрк достугу" мектеп лицейинде болгон майрамдык иш-чарага катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

"Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде жаны окуу жылы салттуу окутуу формасында башталып, окуучулардын кубанычында чек жок экендиги байкалып турат. Бул күнү башкалардан өзгөчө майрамдык маанайды мектепке биринчи кадам шилтеп жаткан жаш жеткинчектер сезет. Ушул жаркыраган мектепте окуган ар бир күнүңөрдү текке кетирбей, татыктуу билим алууга умтулуп, жашоонордун пайдубалын бекем түптөгүлө", - деди Мамбетов.

Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын ичинен 55 мамлекеттик жана 26 жеке менчик мектеп бар. Шаар боюнча 3 277 мугалим эмгектенет.

2021-2022-окуу жылынын 15-сентябрына карата электрондук кезек аркылуу 1-класстарга 7369 окуучу кабыл алынды. Мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге кабыл алынган окуучулардын так саны 2021-жылдын 20-сентябрына чейин аныкталат. Шаар боюнча 3 277 мугалим 77 832 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 72 250, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 582.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД