
Орто мектептер окуу жылынын башталышына даяр. Алардын даярдыгын тиешелүү кызматтар менен бирге Бишкек шаарынын мэриясынын атайын түзүлгөн комиссиясы текшерген. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн брифингде Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чинара Исакова билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы бардык орто мектептерде медициналык пункттар ачылып, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар иштей башташкан, алар мектеп окуучуларын жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат.
Ал мектептердин фойелеринде окуучуларын дене табы күнүгө текшериле турганын белгиледи.
"Ар бир окуучунун жана кызматкеринин ден соолугунун абалы текшерилип турат. Күнүмдүк текшерүүлөрдүн бардыгы журналга жазылып турат. Бардыгы бет кап тагынып жүрүүсү абзел", - деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде алдын ала маалыматтар боюнча 170 000 жакын окуучу окуп жатат жана 7000 ден ашуун мугалим иштейт (бүгүнкү күндө 60% эмделген).