Равшан Жээнбеков судьянын үстүнөн даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазды

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда юрист Замир Жоошев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Арызда судья кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, саясатчыны мыйзамсыз абакка камаганы айтылат. 2021-жылдын -августунда үй камагына чыгарылган саясатчы кайра абакка киргизилген.

Саясатчы Башкы прокуратурадан бул фактыны кылдаттык менен текшерүүнү жана судьяны кылмыш жоопкерчилигене тартууну суранат.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-октябрь күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД