Балбан Акжол Махмудов Аруузаттын дарылануусуна 15,6 миң доллар берди

"Токио - 2020" жайкы Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов өтө оор генетикалык оору (жүлүн булчуңунун атрофиясы) менен жабыркап келген кичинекей Аруузатка акчалай жардам берди. Бул тууралуу балбан жигит Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Аруузат карындашыбыздын атасына 15 миң 600 доллар бердим, бул аукциондо чогултулган сумманын 60 пайызы. Калган 30 пайызы "Апаке" фондуна которулду, ал эми 10 пайызы ак илбирсти коргоо үчүн жумшалат", - деп жазган Акжол Махмудов.

Белгилей кетсек, балбан Акжол Махмудовдун Олимпиадада кийген трикосу 25-августта Ысык-Көлдө Гамма бизнес-форумунда аукциондо сатылган. Триконун баштапкы баасы 50 доллар болуп, жыйынтыгында 26 миң долларга сатылган. Махмудов аукциондон түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулукка кете турганын белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД