
Токио шаарындагы Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш байге уткан спортчу Айсулуу Тыныбекова анын аты менен ачылган фейк аккаунттарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
"Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.
Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат", - деп жазган Тыныбекова.
Ал жалпы катталуучуларынан фейк баракчага кирип "Пожаловаться" баскычын басып коюуну суранып өттү.