Мурат Осмонов Ленин районунун акими кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Мурат Осмонов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга Мурат Осмоновдун башка кызматка дайындалганы себеп болгон.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.

Белгилей кетсек, Мурат Осмонов бул кызматта 2021-жылдын июнь айынан бери иштеп келген, ага чейин Свердлов районунун акими болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД