Ташкентте Самбо боюнча дүйнө чемпионун бычак менен сайып, өлтүрүп кетишти

Ташкентте 29 жаштагы спортчу Камолиддин Расулов жаңжал учурунда бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Самбо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионун, улуттук күрөш боюнча дүйнөлүк биринчиликтин жеңүүчүсүн өлтүрүүгө башка бир спортчу шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, кылмыш 13 -сентябрь күнү кечинде борбордун Үчтепе районунда болгон. Саат 21:30 чамасында Ш.Т. аттуу жаран Камолиддин Расуловго телефон чалып, спортчунун кеңеши менен сатылып алынган "Humo Trop" витаминдерин колдонуудан улам ден-соолугу начарлап кеткенин айткан. Ал ошондой эле дарыгерлер анын оорусун айыккыс деп айтканын билдирген.

Телефондук сүйлөшүүдөн кийин экөө жолугуп, андан кийин чыр чыккан. Жаңжалдын жүрүшүндө Ш. Т. Камолиддин Расуловду ашкананын бычагы менен денесинин ар кайсы жеринен бир нече жолу сайып жиберген.

Бул факты боюнча Үчтепе районунун прокуратурасы Ш.Т.га Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектелген жаран кармалды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары тактагандай, Ш.Т. дзюдо жана улуттук күрөш боюнча Өзбекстандын чемпиону, ошондой эле өзбектер арасында күрөш боюнча биринчи дүйнө чемпиону Тоштемир Мухаммадиевдин жээни.

Август айында Карши шаарында дагы бир спортчу Элбек Рахимов өлтүрүлгөн. Жети киши шектүү катары каралып, алардын алтоо кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД