
Баткен облусундагы социалдык объектилердин курулуш иштерин жүргүзүүдө мамлекетке 38 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Прокурордук текшерүү көрсөткөндөй, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен алты социалдык объекти боюнча (мектеп, бала бакчалар) аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштарга 38 114 608 сомду жеке жактарга мыйзамсыз которуп жиберишип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.
Тактап айтканда:
- Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна 10 695 273 сом,
- Үч-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушуна 3 761 660 сом,
- Үч-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушуна 8 678 267 сом,
- Сай айылындагы орто мектептин курулушуна 5 160 094 сом,
- Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан орто мектептин капиталдык оңдоосуна 3 666 267 сом,
- Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 6 153 047 сом.
Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.