ЖК: министр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы дагы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу маселесин парламентте кайра көтөрүү сунушун берди. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 27-майдагы жыйынында билдирди. Ал Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоо сунушу менен Кыргызстанды дүйнөгө уят кылганын белгиледи.

"Эми болсо "Президент Москвага барып (ред: Садыр Жапаров 24-25-майда Сочиге барып келди) орус президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү" деп карандай калпты айтты. Дагы жакшы Эрбол деген бала бул апыртма экенин айтып чыкты. Ушул жерде 84 депутаттын добушу менен саламаттык сактоо министри жумуштан алынсын деген токтом кабыл алынган. 84 добуш менен импичмент кылып президентти кетирсе болот. Башкы прокурорду кетирсе болот. Эмне үчүн саламаттык сактоо министрин кетире албайбыз?".

Депутаттар 28-апрелде Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушту ошол кездеги өкмөткө жиберген. Министр Жогорку Кеңештин аны иштен алуу тууралуу токтомун депутаттардын жакындарын кызматка койбогону үчүн өч алуу аракети катары баалаган.

Өткөн айда Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айткан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД