Америкалык туристтер Ысык-Көлгө келип тоо текелерди өлтүрүп, сүрөткө түштү

АКШдан келген туристтер Ысык-Көлдөн тоо текени өлтүрүп, сүрөткө түшкөн. Сүрөттөр менен видеолорду Инстаграмдагы баракчаларына Лукас Поуг жана Джастин Гейк жарыялады.

"Мен Бишкек шаарынан жаңы эле кайтып келдим. Башымдан өткөргөн эң оор, физикалык жактан кыйын аңчылык бүттү. Бирок биз абдан жакшы иштедик жана каалаган нерсеге жетиштик ", - деп жазат Джастин Гейк.

Сүрөттөргө караганда, чет элдиктер Ысык-Көл облусунда үч тоо текени өлтүрүшкөн. Ал арада "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧК мергенчилик чарбасы чет элдиктерди ийгиликтүү аңчылык үчүн куттуктап пост жарыялады.

Мекеме аңчылыкты алар уюштурганын тастыктады. Аталган мекемеде иштеген өкүлдүн айтымында, бул тоо эчкинин мыйзамдуу аңчылыгы болгон. Чет элдиктер үчүн саякат 4-сентябрдан 13-сентябрга чейин "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧКсынын аңчылык чарбасынын аймагында өткөн. Беш мергенчи катышкан, аларга беш тоо текени атууга лицензия берилген. Аңчылык мамлекеттик комитеттин өкүлүнүн көзөмөлү астында өткөн. Компания өкүлүнүн айтымында, алар абдан карыган жаныбарлар болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД