
Бүгүн, 16-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинин 95 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек - 57, Ош шаары - 2 , Чүй облусу – 23, Нарын облусу - 1, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 4 жаңы учур катталды. Ошентип, Кыргызстанда жалпысынан 177 484 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 135 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 171 902ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 57, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан - 2, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 12, Баткен облусунан – 7.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2, Нарын облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 2581ге жетти.