Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбе шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ,15-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасына келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортуна конуп, аны траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД