Бекешев бийликтен аялдарды жана балдарды Сириядан чыгарып кетүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийликтен Сириядагы лагерлерде камалып жаткан Кыргызстандын балдарын жана аялдарын алып келүүнү суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Бекешевдин айтымында, "Аль-Холь" лагеринде 88 аял жана 223 бала, "Эски Роджеде" - 16 аял жана 34 бала, "Жаңы Роджеде" - 5 аял жана 14 бала бар.

"Менин оюмча, аларды алып келиш керек. Албетте, бул биз үчүн чоң көйгөй, анткени аларды реабилитациялап, белгилүү шарттарды түзүш керек болот. Бирок биз алардан баш тарта албайбыз. Булар биздин жарандар", - деп билдирди депутат.

Эске сала кетсек, Сирияга 500 кыргызстандык кеткени кабарланган. Алардын ичинен 30 жараныбыз каза тапкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД