Айзаданын өлүмү: Милициянын шалаакылыгы боюнча иш токтогон жок

Башкы прокуратура Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген милициянын шалаакылыгы боюнча иш токтотулгандыгы тууралуу маалыматты четке кагууда. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда жана прокуратуранын өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек прокуратурасы Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 331-б. "Шалаакылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан.

"Учурда кылмыш иши УКМКнын шаардык администрациясында жана прокуратуранын көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген милициянын шалаакылыгы боюнча кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан токтотулгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов фейсбук баракчасына жазып чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД