Президент Максат айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Алгач кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылына барды.

Президент талкаланган үйлөрдү жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, эл менен баарлашты жана облуска мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары да көңүл буруларын белгиледи.

Бир дагы жергиликтүү тургун колдоосуз калбай турганына ишендирди.

Ошондой эле гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүүчү тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД