Чет өлкөдө 57 шайлоо участогу түзүлдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында чет өлкөдө 57 шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Чечим "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгына ылайык кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.