
Бүгүн, 16-сентябрда Баткен чек ара отрядынын чек арачылары кошуна өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан контрабандалык жүктү кармашты. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, контрабандага каршы багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кожом-Булак аймагында Hyundai-Porter унаасы токтотулган. Аны 1985-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.И. башкарган, ал "Jaguar" аттуу энергетикалык суусундугун (200 банка) Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган.
Ошол эле күнү Баткен районунун Мазар аймагында чек арачылар Кыргызстандан Тажикстандын аймагына канистрлерге куюлган 240 литр күйүүчү-майлоочу каражатты өткөрмөкчү болгон КР жарандарын кармашкан.
Эки учурда тең тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган жарандар, жүк жана күйүүчү-майлоочу каражаттар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.