Бишкек шаардык кеңешинде жол кире маселеси талкууланууда. 11 жана 15 сом

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортто жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин талкуулап жатат.

Вице-мэр Русланбек Акылбеков айткандай, автобустарда жана троллейбустарда жүрүү тарифтерин 11 сомго, ал эми маршруткаларга 15 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.

"Маршруткадагы жол кирени 15 сомго көтөрүү туурабы же туура эмесби, бул боюнча калктын мүмкүнчүлүктөрүн караш керек. Чындыгында шаардыктардын түйшүгү оор болуп жатат, бирок биз коомдук транспорттон кур калбоо үчүн ага барышыбыз керек ", - деди ал.

Эл өкүлдөрү коомдук транспорттун сапаты кандай болорун сурашты.

"Сапатты көзөмөлдөө боюнча бир катар токтомдордун долбоорлору берилген. Биз конкурс боюнча тандайбыз, сынактын эрежелери көрсөтүлөт", - деп түшүндүрдү ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД