Видео - ИИМ: Атайын операциянын жүрүшүндө 6 кг 922 грамм гашиш табылды

Атайын операциянын жүрүшүндө 6 кг 922 грамм гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош ОИИБи менен биргеликте мурда катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын натыйжасында 2021-жылдын 11-сентябрында болжол менен саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын жараны, мурда өз өлкөсүндө жана Кыргыз Республикасында соттолгон 1970-жылы туулган Т.О. кармалган.

Кармалган жаранды текшерүү учурунда, андан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат болгон. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 1 кг 905 грамм болгон ооган түспөлүндөгү "гашиш" экендиги аныкталган.

Ошол эле күнү жаран Т.Б. саат 19:00 чамасында баңгизатты сатууну көздөп жаткан. Ушул учурда саткан баңгизаты үчүн акча каражатын алуу учурунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган К.А. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, шымынын оң чөнтөгүнөн көзөмөлдөнгөн затты сатып алуу үчүн берилген 8000 миң АКШ доллары табылып алынган.

2021-жылдын 12-сентябрында түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарында жаран К.А. жашаган жерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар 5 таңгакталган зат табылган. Анын жалпы салмагы 6 кг 922 грамм ооган түспөлүндөгү "гашиш" болуп чыкты.

Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД