Чүйдө эки адамдын урушу өлүм менен аяктады

Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 9-сентябрь күнү милицияга Москва районундагы Төлөк айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бу факты КЖБРге Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталган.

Ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери маркум 1972-жылы туулган А.Н. экенин аныкташкан.

Чүй ОИИБнын жана Москва РИИБнин ыкчам кызматкерлери маркумдун өлүмүнө шектүүнүн изине түшүп, аны кармашкан. Ал 1968 -жылы туулган Ш.А. болуп чыкты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, аталган кылмыш иши эки адамдын ортосундагы чырдан улам болгон. Ошол күнү алар чогуу спирт ичимдигин ичишип, уруша кеткен. Натыйжада, шектүү арактын бөтөлкөсү менен досун бир нече жолу чаап жиберген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД