Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн "Улут сарайына" келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун учурашуусунан соң, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргеликте сүрөткө түшүштү.
Андан соң уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкулоо үчүн жыйындар залына киришти.