Ош шаарынын тургундарынан акча алып, унааларын саткан. Шектүү 25 жашта

Ош шаарында алдамчылыкка шектелген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын бир катар тургундары шектүүгө унааларын, акчаларын берип, ала албай жүргөн. Бул окуя боюнча алар милицияга арыз менен кайрылган.

Ош шаарынын тургуну, 1996 -жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран "Жапалак" автоунаа базарында 3 унаанын ээлерине акча берип, унааларын алып саткан. Ошондой эле ал 5 кишиден 50 миң сомдон 700 миң сомго чейинки сумманы "унаасын сатаары менен кайтарып берем" деген убада менен алган. Жалпысынан, жигитке карата 8 жарандан арыз түшкөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси боюнча катталган. Кылмышка шектүү жаран милиция тарабынан кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД