Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселесин аягына чыгарууга эрки жетет

Президент Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселеси боюнча ишти аягына чыгарууга эрки жетеби?

Бул боюнча биз айрым эл өкүлдөрү менен байланышып, алардын пикирин уктук.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын пикири боюнча, Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселесин чечүүгө эрки жетет.

"Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселеси боюнча иштин аягына чыгарууга эрки жетет. Анткени, бул маселени негизи эл көтөргөн. Аскар Акаевдин мезгилиндеги кабыл алынган коррупциялык келишим биздин мамлекеттин, кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн эмес. 2012-жылы депутаттык комиссиянын мүчөлөрү коррупцияга каршы экспертиза, экологиялык экспертизаларды жасаганбыз. Бирок, ушул маселе боюнча күнөөлүү адамдар жазасын алган эмес.

2021-жылдагы "Кумтөр" маселеси боюнча мамлекеттик комиссия жана депутаттык комиссияга мен да мүчө болуп киргем. Биз Кумтөргө барып келдик, кенди иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар, ал жердеги жамаат кенди жакшынакай иштетип жатышат. Азыр тарыхый адилеттүүлүк орноду деп айткым келет. Анткени, Кыргызстандын байлыгы өлкө үчүн, эл үчүн иштеп жатат.

Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин аягына чыгарат деп ойлойм. Учурда "Центерра Голд" жана Кумтөрдө иштеген чиновниктер "кормушкасын" бердиргиси жок, сотко берип ар кандай шылтоолорду издеп жатышат. Мен оюмча, бул маселе Кыргызстандын пайдасына чечилет", - деп билдирди эл өкүлү.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамовдун пикири боюнча, "Кумтөр" маселесин баштагандан кийин аягына чыгаруу керек.

"Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин аягына чыгарыш үчүн жумушту баштады. Эми аягына чыгарыш керек. Эми сот болот. Аягына чыгарууга аракет кылыш керек. Садыр Нургожоевич "Аягына чыгарабыз, алабыз" деп айтып ишендирип кеткен, эми ошону аягына чыгарыш керек. Бул ишти аягына чыгарып, толук бүтсө мен кубанычта болом", - деп билдирди Тазабек Икрамов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД