Токмок шаарында социалдык шаарча ачылды

Чүй облусунун Токмок шаарында бир катар социалдык объектилердин: аяр катмардагы үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн (104 үй-бүлө) социалдык шаарчанын, Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн эркектер жатаканасынын жана 300 окуучулук орунга эсептелген, жатаканасы каралган "Аманат-Токмок" жаңы мектеп-лицейинин ачылышы болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Социалдык объектилердин ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, "Ас-Сафа" Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мухаммед Абдулрахман Алшайа жана фонддун төрт өлкөдөгү спонсорлорунун делегациясы катышты.

Маалымдама: Аянты 31 миң метр кв эсептелген социалдык шаарчада 104 үй-бүлө үчүн турак-жай курулуп, эмерек жана турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган, 25 жумуш орду каралган тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт, азык-түлүк дүкөнү, балдар аянтчасы жана футболдук талаа, ошондой эле мечит курулган.

Бул социалдык шаарча республикадагы бешинчи шаарча болуп саналат, анткени, мурда "Ас-Сафа Борбору" тарабынан Чүй облусунун Садовое, Чым-Коргон, Октябрьское айылдарында жана Баткен шаарында ушундай шаарча курулуп, ишке берилген.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эркектер жатаканасы 75 адамга эсептелип, имаратта тургундар, дарыгерлер жана кызматкерлер үчүн бөлмөлөр, ашкана жана санитардык түйүндөр каралган.

"Аманат-Токмок" мектеп-лицейи - бул спорт залы, эки жатаканасы, ашканасы, устаканасы жана нан бышыруучу жайы бар эки кабаттуу окуу имараты. Бул жерде аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Учурда 11 класс комплекттештирилген, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД