5,5 жылдан бери жабык турган тарых музейи ноябрь айында ачылат

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинин ачылышы 2021-жылдын ноябрь айынын аягына пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда маданият министринин орун басары Салтанат Аманова маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, тарыхый музейин ачуу маселеси боюнча IT-технологиялар, экспозиция жана көргөзмө ишмердүүлүгү боюнча немис адистери чакырылган. Учурда алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, тарых музейи 2016-жылдын март айынан бери жабык турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД