Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 12:31де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тоң районунун Дөн-Талаа, Булан-Сөгөттү, Ала-Баш айылдарында 3 баллга чейин, Көк-Сай, Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД