Эрулан Көкүлов: "Не сахар" долбоору каржылык жардамга муктаж"

"Не сахар" долбоору финансылык жактан оор абалда турат. Бул тууралуу "Не сахардын" негиздөөчүсү жана алып баруучусу Эрулан Көкүлов Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Учурда "Не сахар" долбоору финансы жактан оор абалда, негизинен ар дайым эле оор болчу. Бирок, учурда өзгөчө оор болуп жатат. Күн сууктап кеткиче командабыз менен айыл-аймактарды кыдырып келели дегенбиз. Ошого акча жетпей жатат. Бизди каржылап, жардам берген инсандарды күтөбүз", - дейт Эрулан Көкүлов.

Ал жардам берүүнү каалаган адамдар үчүн реквизиттерди калтырган: Элсом - 0990900014, Сбербанк - +79263640727.

Белгилей кетсек, "Не сахар" долбоору керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргойт. Алар азык-түлүк саткан дүкөндөргө, наабайканаларга, ашканаларга ж.б. барып, санитардык эрежелер сакталып жатабы жокпу текшерип турушат. Аталган долбоордун жардамы менен товарлардын сактоо мөөнөтүн алмаштырып, кайра сатыкка чыгарып жүргөн бир нече ишканалар аныктылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД