Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир качан берилет?

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев былтыр октябрь окуясында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин эжеси менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэр каза болгон баланын үй-бүлөсүнө батир берүү кечиктирилгени үчүн кечирим сурады жана Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрда боло турган сессиясында бул маселе караларын билдирди.

Бул боюнча токтом долбоору жактырылаары менен Муниципалдык менчик башкармалыгы жаңы эки бөлмөлүү батирди (65,9 чарчы метр) менчикке өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт.

Белгилей кетсек, Алтынбек уулу Үмүтбек 202о-жылы 5-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болгон башаламандыкта каза болгон. Ал 19 жашта гана болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД