"Орёл и Решка" программасы Кыргызстан тууралуу дагы бир телеберүү чыгарат

Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын популяризациялоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги "Орел и Решка" программасынын продюсерлери менен Кыргыз Республикасы жөнүндө эки теле-берүүнү тартуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын июль айында теле-берүүнү тартуу тобу Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана туризм секторунун өкүлдөрүнүн жардамы менен эки программа тартылган.

Бул программалар Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдалып, 2021-жылдын 11 -сентябрында "Новый" жана "Пятница" украин телеканалдарында биринчи тасмасы көрсөтүлдү.

Экинчи программа 2021-жылдын 18-сентябрында чыгат жана 19-сентябрдан тартып Youtube каналында да жеткиликтүү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД