
Милиция 2021-жылдын 6-августунда Бишкек шаарындагы Айни көчөсүнөн табылган маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара түстө.
Кийген кийими: боз сызыктары бар кара футболка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда көк жайкы бут кийим болгон.
Милиция маркумдун өздүгүн аныктоого жардам сурап, сүрөттөгү адам тууралуу маалымат билгендер болсо, 0312352605, 0551102129, 0705450553, 0552102465 жана 102 номурларына чалып коюну суранат.