К.Асановго байланыштуу сот отуруму өтүп жатат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти күч менен басып алууга шектүү ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун ишин карап жатат. Эске салсак, ал ушул жылдын 14 -сентябрында кармалган.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекованын айтымында, айыптоочу тарап өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер сакталган СИЗО-50дө 2 ай мөөнөткө кармоону суранат.

Өз кезегинде ИИМдин экс-башчысынын орун басары журналисттерге бул айыптоого макул эместигин жана күнөөсүн мойнуна албаганын айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин Facebook социалдык тармагында ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов менен АКБ АКБнын "Толубай" директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин болжолдуу сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Аудиодо Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын көрсөтүп турат. К.Асановдун иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүү туралуу сот отуруму өтүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД