Түркмөнстандын борборунда "шаар ичиндеги шаар" курулат

Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын түндүгүндө "Ашхабад-сити" ири турак жай комплекси курулат. Бул тууралуу Түркмөнстандын orient.tm агенттиги жазды.

Агенттик жазгандай, "шаар ичиндеги шаарда" курулган турак үйлөрдө 17 миң 836 батир болот. Алар болжол менен 107 миң кишиге эсептелген. "Ашхабад-ситинин" аянты 774 гектарды ээлеп, анда 1,2 миң орунга эсептелген 4 бала бакча, 3 миң орунга ылайыкташкан 4 мектеп, чоң спорткомплекс (5 миң орундук стадиону менен) жана маданият үйү куралат. Андан тышкары ал райондо бейтапкана, тамактануучу жайлар, банктардын кеңселери, сейил бактар ж.б. салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД