
Бүгүн, 17-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинин 83 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектен - 31, Чүй облусунан – 17, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан - 6, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусу – 8 жаңы учур катталды. Ошентип, Кыргызстанда жалпысынан 177 484 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 113 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 172 015ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 43, Ош шаарынан –1, Чүй облусунан – 23, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 8, Баткен облусунан – 12.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 1, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 2583кө жетти.