Ош шаарында 18-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишембилик Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген жыйында белгилүү болду.
Шаардык ишембиликке шаардык мекеме жана кызматтардын, муниципалдык ишканалардын жана мамлекеттик бөлүмдөрдүн эмгек жамааттары, шаар тургундары катышат. Иш-чаранын алкагында шаардык аймактар ишканаларга жана мекемелерге бекитилген.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" арналган глобалдык экологиялык жарандык акциянын алкагында өткөрүлүүдө.