
Кечээ, 16-сентябрда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду "Бийликти күч менен басып алуу "беренеси боюнча 50-СИЗОго жөнөтүү чечимин кабыл алды.
Бул тергөө изоляторунда "өзгөчө оор кылмыш жасаган кылмышкерлер кармалат,-деди К.Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге берген маегинде.
"Ал жакта өзгөчө оор кылмыштар үчүн айыпталган адамдар кармалат. Ички иштер министрлиги бул иштин белгилүү бир натыйжасында кызыкдар экенин көрсөтүп турат ", - деди адвокат.