Садыр Жапаровдун Түркияга болчу расмий иш сапары талкууланды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен 26-майда жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев менен Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун алдыда боло турган расмий иш сапары, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйынын үстүбүздөгү жылдын июнь айында Анкара шаарында өткөрүү маселесин талкуулашты.

Анда тышкары, алар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД