Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 1 миллиард 494,7 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Бул акча которуу системасы аркылуу алынган жеке адамдардын каражаттары жөнүндө. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөгө 1 миллиард 226,9 миллион доллар түшкөн.