Түркиянын борборунда Орхан Инандынын соту башталды

Түркияда "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот отуруму Анкара шаарында өтүп жатат. Орхан Инанды сот отурумуна видеоконференция аркылуу катышкан. Ал эми анын адвокаты сот залында.

Колу үч жерден сынгандыктан сотко толук даярдана албаганын билдирген Инанды, ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин кошумча убакыт сураган. Ал ошондой эле, камактан бошотууну соттон өтүнгөн.

Сот кийинки отурумду жылдырып, Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти телеканалдардын биринде Инандыны атайын кызматтар Түркияга алып кеткенин айткан. Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында жоголгон. Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин президентинин жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга жардам берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД