Байден Тиграйдагы кан төгүүнү токтотууга чакырды

АКШ президенти Жо Байден Эфиопиянын Тиграй аймагындагы жаңжалды айыптады жана жарым жылдан бери уланып келаткан кагылышууларды токтотууга чакырды.

"Тиграйдагы адам укуктарын бузуулар, анын ичинде кеңири жайылган сексуалдык зомбулук кабыл алынгыс жана андайга чекит коюлууга тийиш", - деп билдирди 26-майда Американын президенти.

Байден Эритреянын жана Амхаранын күчтөрү Тиграйдан чыгып кетиши, ачарчылыктын алдын алуу үчүн гуманитардык жардамды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп кошумчалады.

Мунун алдында Тиграйдын убактылуу администрациясынын 22 расмий өкүлү козголоңчулардын колунан каза тапканын өкмөт кабарлаган.

Аймактагы кармаштар былтыр ноябрда премьер-министр Абий Ахмеддин буйругу менен Тиграй Элдик боштондук фронтунун башчылары төңкөрүлгөндө тутанган.

БУУ ушул аптада жаңжалдан улам Эфиопия ачарчылыктан жапа чегиши мүмкүн деп эскерткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД