Садыр Жапаров Душанбе шаарындагы "Коха Навруз" комплексине келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы "Кохи Навруз" комплексине келди. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров комплекске келгенде Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды, андан соң ШКУга катышуучу-өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.

Андан соң алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Эске салсак, дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД